Turmush — Ош облусунун Ноокат районунда мотоцикл айдап бара жаткан 32 жаштагы жаран жол кырсыгынан каза болду.
Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү маалыматты тастыктап, кырсык 2026-жылдын 18-апрелинде саат 16:20 чамасында Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунун 40-чакырымында болгонун билдирди.
Расмий маалыматка ылайык, 1986-жылы туулган П.М. «Hyundai Porter» үлгүсүндөгү автоунаасы менен Ноокат шаарынын Солтобаев көчөсүндө бара жатып, бурулуш жасап жаткан учурда 1994-жылы туулган У.М. «Kawasaki» үлгүсүндөгү мотоцикл менен катуу ылдамдыкта келип, унаанын арткы бөлүгүн сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен мотоцикл айдоочусу окуя болгон жерде каза болгон.
Окуя болгон жерде тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп, материалдар милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.