Turmush — Кечээ, 20-апрелде Талас районунун Көк-Ой айылындагы №6 кесиптик лицейинде үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу жана балдардын укугун коргоо боюнча жыйын өттү.
Маалым болгондой, ага райондун акими Байыш Астанакулов жана үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо боюнча субъекттердин иштерин координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар: райондук прокуратура, ички иштер бөлүмү, саламаттык сактоо, социалдык өнүктүрүү, билим берүү, пробация органдарынын, Акыйкатчынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын кызматкерлери катышты.
Жыйында райондук прокурордун жардамчысы үй-бүлөлүк жана балдарга карата болгон зомбулукка каршы күрөшүү жаатында коргоо чараларынын (коргоо ордерлери,тобокелдиктерди баалоо) мыйзамдуу колдонушу жана алардын аткарылышы боюнча маалымат берип өттү.
Ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары 2026-жылдын 3 айындагы катталган кылмыштардын саны тууралуу маалымат берип, кылмыштардын алдын алуу боюнча кандай иш алып барып жатканы жөнүндө баяндама берди.
Билим берүү бөлүмү менен социалдык камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдүн, мигранттардын, кооптуу үй-бүлөлөрдүн балдары менен иш жүргүзүп жаткандыгы тууралуу айтышты.
Шумкар-Уя айыл өкмөтү мектептер арасында кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча роликтерге конкурс жарыялаган. Жыйындын катышуучуларына роликтер көрсөтүлүп, жеңүүчүлөргө байгелер тапшырылды.