Turmush — Быйыл Тогуз-Торо районунда жалпы 86 гектарга жакын жерге 150 миң 600 түп көчөт отургузулат. Мындай маалыматты район акими Нурлан Эшмукамбет уулу билдирди.
Анын айтымында, ушул тапта аймактарда тянь-шань карагайы, арча, алманын 6 сорту, өрүк жана кара өрүк сыяктуу көчөттөр отургузуу жумуштары башталган.
«Район аймагындагы деградацияга учураган өндүрүмдүүлүгү төмөн болгон 86 гектар жерге эл аралык уюмдардын колдоосу менен көчөт тигип жатабыз. Анын 36 гектары айыл аймактардын жерлери болсо, 50 гектары мамлекеттик токой фондунун жерлери болуп саналат. Ушул тапта алгачкы жумуштар башталды, тагырагы райондун Өрнөк айыл аймагында 12,5 гектар жерде, алма бак плантациясы уюштурулууда.
Бирдик айылында жашаган 116 үй-бүлөгө 6 миң түп көчөт таркатылып, 15 гектар аянтка отургузулду. Аларга адистер бакты туура отургузуу, кароо, багуу, асыроо техникаларын практика жүзүндө көрсөтүп беришти. Ага удаа эле Сайра-Кокту участогунда 2 гектар жерге алма, кара өрүк отургузулду.
Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн борборундагы Казарман паркынын 2 гектар жерине ак чечек, терек, алма жана кара өрүк көчөттөрү тигилди.
Алдыда Атай айыл өкмөтүнүн, Комплекс аймагында 5,4 гектарга алма бак отургузуу пландаштырылууда. Аткарылып жаткан бул иштерге эл аралык уюмдар тарабынан каржылык колдоо көрсөтүлүп, тигилген бактарды коргондоо, аларды суугаруу системасын жакшыртып берүү жагы каралган», - деди ал.
2026-жылы сөз болуп жаткан токойлорду жана жайыттарды жакшыртуу аркылуу парник газдарын сиңирүү (секвестрациялоо) долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусунун, Тогуз-Торо жана Сузак райондорунда, 125 гектардан ашык аянта 211 400 түп токой жана мөмөлүү дарак көчөттөрү отургузулат.