Turmush — Бүгүн, 21-апрелде Ош шаардык кеңешинин сессиясында депутат Арыпбек Айтбаев жарандар жүрөгүнө стент койдурууда кыйналып жатканын билдирди.
Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош шаары боюнча координатору Шаятбек Абдрахмановдун төмөнкүлөргө токтолду.
«Негизи стенттин бир нече түрү бар. Алардын ичинен жүрөк ооруларында колдонулуучу айрым стенттер гана «24/7» программасынын алкагында бюджеттик негизде бекер коюлат, ал эми калган түрлөрү акы төлөнүүчү», — деди ал.
Ошондой эле эл өкүлү бул маселе өтө курч экенин белгилеп, аны жеңилдетүүнүн жолдорун карап чыгып, тиешелүү сунуш-пикирлерди иштеп чыгуу зарылдыгын кошумчалады.
Ал эми Шаятбек Абдрахманов учурда жүрөк-кан тамыр оорулары менен катар нерв оорулары да көбөйүп жатканын, ушундан улам тиешелүү бөлүм ачылганын билдирди.
Жүрөктүн кан тамырларына стент коюу операциясы дүйнөдө алгач 1986-жылы жасалган. Ошондон бери бул ыкма инфаркттын алдын алуу жана жүрөк ооруларын дарылоодо кеңири жана ийгиликтүү колдонулуп келет.
Стент — бул майда металлдан жасалган, пружинага окшош түзүлүш. Ал сандын же колдун артериясы аркылуу жүрөктүн кан тамырына жеткирилет. Жүрөктүн тамырлары өтө ичке болгондуктан, алардын диаметри адатта 2-4 миллиметр гана болот. Убакыт өткөн сайын кан тамырдын ичине май топтолуп, ал тарып же бүтөлүп калышы мүмкүн. Натыйжада жүрөккө кан жакшы барбай, инфаркт коркунучу жаралат. Бул болсо жүрөк булчуңдарынын жабыркашына, атүгүл некрозго алып келиши ыктымал.
Мындай учурда стент тамырдын бүтөлгөн жерин кеңейтип, кандын эркин өтүшүнө жардам берет. Ошондуктан дарыгер стент коюуну сунуштаса, операцияны кечиктирбей жасатуу маанилүү. Бул жүрөк оорусунун күчөп кетишинин алдын алып, өмүрдү узартууга жардам берет.
Азыркы тапта стент көбүнчө жүрөктүн ишемиялык оорусу бар жана коронардык артерияларына май топтолгон бейтаптарга сунушталат. Эгерде кан тамырдын үчтөн бир бөлүгү тарып же бүтөлүп калса, адам бат чарчап, демигип, көкүрөгү же жүрөк тушу ооруй баштайт. Мындай белгилер жүрөк кан тамырларын текшертип, зарыл болсо операция жасатууга негиз болот.