Turmush — Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Кызыл-Сеңир айылында П.Жолдошов атындагы жаңы 275 орундуу мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, эки кабаттуу заманбап билим берүү мекемеси бардык талаптарга жооп берген шарттар менен курулду.
«Мектептин курулуш 2023-жылы башталган. Курулуш министрлиги тарабынан толук көзөмөлгө алынып, мектеп толугу менен замапбап болуп бүткөрүлдү», - деди Ош облустук капиталдык курулуш башкармалынын башчысы Дамирбек Калыкбердиев.
Жаңы мектепте окуучулар үчүн кенен жана жарык класстар, окуу блоктору, жыйындар залы, ошондой эле класстан тышкаркы иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкталган бөлмөлөр каралган. Мындан тышкары, билим берүү сапатын жогорулатуу максатында лабораториялар, китепкана, IT кабинеттер жана эмгекке үйрөтүү класстары толук жабдылган.
Инфратүзүмдүн жакшыртылышы менен мектептин долбоордук кубаттуулугу кеңейип, учурда 275 окуучу эки нөөмөт менен билим алууда. Бул жаңы имарат окуучуларга ыңгайлуу жана коопсуз шартта билим алууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Мектептин расмий ачылыш аземине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, курулуш тармагынын кызматкерлери, айыл тургундары, мектеп жамааты жана бүтүрүүчүлөр катышты. Иш-чарада билим берүү тармагындагы мындай маанилүү объектилер аймактын өнүгүүсүнө чоң салым кошору белгиленди.
Белгилей кетсек, объекттин курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Долбоорду ишке ашыруу үчүн «Усен-Аман» курулуш компаниясы тартылган.
Жалпысынан Ош облусунда учурда 66 социалдык объекттин курулушу жүрүп жатат. Анын ичинен 2026-жылы 43 объектти пайдаланууга берүү пландалууда. Алардын катарына 14 мектеп, 10 бала бакча, 10 спорт залы жана башка социалдык имараттар кирет.