Turmush — Бүгүн, 21-апрелде Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасы боюнча маселе көтөрүлдү.
Депутат Бексултан Үсөнов Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын балансындагы жерлерди инвентаризациялоо боюнча сурады.
Биринчи вице-мэр Оморбек Торобаев «Санарип Ош» программасы аркылуу инвентаризациялоо болуп жатканын айтты.
Ошондой эле депутат мамлекеттик-жеке өнөктөштүк десе эле айыл чарба багытындагы жерлер берилип кетип жатканын кошумчалады.
Мэр Жанар Акаев сөзгө аралашып, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасы боюнча иштер жүргүзүлө турганын айтып, алгач шаардагы курулуштарды иреттеп алуу керектигин билдирди.
«Сулайман молл» [Sulaiman Mall] боюнча Нариман Түлеевди чакырып сүйлөштүк. Ош шаарында курулуштар бүтпөй, созулуп жатканын айттык. Ал киши августтун аягына чейин аракет кыларын айтты», - деди Жанар Акаев.
Депутат Искакбек Майлиев Ош облустук ооруканасынын айланасынданы унаа токтоочу жайды сурап, жарандар ал жайга канча төлөп жатканына кызыкты.
Оморбек Торобаев аталган унаа токтоочу жайды Ош мэриясы курганын, унаа токтоочу жайдын алгачкы бир сааты акысыз экенин, андан кийин саатына 30 сомдон төлөнөрүн билдирди.
Депутат аталган унаа токтоочу жайды акысыз кылууну сунуштады.
«Анткени ооруканага ар түрдүү адам келет. Кээде акчасы жок болуп, бирок жакынын ооруканага алып барып калышы мүмкүн», - деди депутат.