Turmush — Бүгүн, 21-апрелде Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында жогорку окуу жайдагы студенттердин бири кургак учукка чалдыгып, ал 2 бою текшерилбегени айтылды.
Сессияда «Ош шаарында калктын саламаттыгын сактоо боюнча Ош шаарынын медицина мекемелеринин аткарып жаткан иштери жөнүндө» маселе каралууда.
Депутат Айпери Ашимжан кызы шаарда кургак учук боюнча канча учур катталганын сурады.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош шаары боюнча координатору Шаятбек Абдурахмановдун айтымында, быйыл Ош шаарында кургак учуктун 329 учуру катталды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 16 учурга аз.
Депутат катталган кургак учук боюнча учурлардын канчасы ачык, канчасы жабык түрү экенин сурады.
Абдрахманов ал боюнча маалыматы жоктугун айтты.
«Ушул жылдын январь айында Оштогу окуу жайлардын биринде студенттен кургак учук аныкталып, апрелде гана баланы текшеришкен. Эмне үчүн 2 ай бою ал студентти карашкан эмес?», - деп сурады депутат.
Шаятбек Абдурахманов бул боюнча маалыматы жок экенин билдирди.
«Анткени аталган окуу жайдын өзүнүн клиникасы бар. Алар бизге маалымат бербесе, билбей калабыз», - деди ал.
Айпери Ашимжан кызы координатордо бардык маалымат болушу керектигин кошумчалады.