Turmush — Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда кикбокс боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, Токмок шаарындагы спорт клубда машыккан спортчулар алдыңкы орундарды багындырышты.
Спортчулардын машыктыруучусу — Абубакир Машанло.
Жеңишке жеткен токмоктук спортчулар:
Кубанычбек Мырзабеков, Азирет Каныбеков, Байерхан Кольбаев, Ильяр Абдужапаров, Залкар Кубанычбеков, Рустамжан Азимжанов, Адилет Назирдинов, Тынчтык Базаркулов, Урмат Шеремкулов, Белал Абдулин, Баяман Рахимов.