Turmush — Бүгүн, 21-апрелде Ош шаардык кеңешинин XX сессиясы башталды.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, сессияга Ош шаарынын мэри Жанар Акаев, вице-мэрлер, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышууда.
Күн тартибине 15 маселе коюлду.
Учурда биринчи маселе — «Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгы жана Ош шаары жана Түштүк аймактар боюнча ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо башкармалыгы, ошондой эле Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан 2025-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылуусун камсыздоо боюнча аткарган иштери жөнүндө» маселе каралууда.