Turmush — Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айылынын тургуну Бермет Осмонбекова англис тили боюнча республикалык олимпиадада 1-орунду жеӊип алды. Окуучу менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.
Бермет Осмонбекова 2008-жылы Талас облусунда төрөлгөн, учурда Сокулук районунда жашап, Фрунзе айылындагы Иманалы Айдарбеков атындагы мектепте 11-класста окуп жатат.
«Жакында 11-класстардын арасында өткөн республикалык олимпиадага катышып, 1-орунду ээлеп келдим. Чынын айтсам, олимпиадага катышуу чечими күтүүсүз эле кабыл алынган. Бир убакта "эмнеге аракет кылууга болбойт?" деген ой келип, ошол чечимимди аягына чейин жеткирүүнү максат кылдым. Олимпиадага болжол менен бир ай даярдандым жана дээрлик күн сайын иштедим. Кээде чарчап калсам да, тапшырмалардын үстүндө кечке чейин отурган учурлар болду. Айрым учурларда өзүмө ишенбей калган да кездер болду. Бирок ошондой учурда да токтобой, алдыга умтулууга аракет кылдым.
Бул жетишкендигимде англис тили мугалимим Кыдырмаева Курманжан Туратбековнанын салымы абдан чоң. Анын колдоосу жана мага болгон ишеними мага күч берип, кыйын учурларда да багынбоого жардам берди. Ошондуктан бул жеңишти мен жалгыз өзүмдүкү эмес, мугалимим менен бирге жетишкен ийгилик деп эсептейм. Мындан тышкары, апамдын колдоосу да мен үчүн абдан маанилүү болду. Олимпиадага катышам дегенде ал дароо ишенип, мени колдоду. Бул мага дагы көбүрөөк мотивация берди», - деди ал.
Каарманыбыз англис тилин 9-класстан тарта, башкача айтканда, 3 жылдан бери үйрөнүп келет.
«Азыркы учурда да бул багытта өзүмдү өнүктүрүүнү улантып жатам. Күнүмдүк жашоомдо англис тилин мүмкүн болушунча көбүрөөк колдонууга аракет кылам. Телефондун жана социалдык тармактардын тилин англисчеге которуп, китептерди окуп, тасмаларды оригиналында көрөм. Убакыт өткөн сайын көп нерсени котормосуз түшүнө баштаганымды байкап, бул мен үчүн эң жагымдуу жетишкендиктердин бири болду.
Окуудан тышкары чуркоо менен да алектенем. Бул мага эс алууга, ойлорумду иретке келтирүүгө жана даярдык учурунда күч топтоого жардам берет. Менин оюмча, эгер адамда чыныгы каалоо болсо, аны эч нерсе токтото албайт. Бул бир гана тил үйрөнүүгө эмес, жалпы жашоодогу бардык максаттарга тиешелүү.
Келечекте англис тилинде билим алып, эл аралык деңгээлде өз ордумду табууну каалайм. Мен үчүн тил — бул жөн гана сабак эмес, жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачкан курал. Ошондой эле мен англис тили менен эле чектелбестен, башка тилдерди да үйрөнүп, өзүмдү өнүктүрүп, келечекте өз өлкөмдү эл аралык деңгээлде таанытууну максат кылам», - деди ал.