Turmush — 13-апрелден тартып 19-апрелине чейинки 1 апта аралыгында Талас облусунда ар кандай жол эрежелерин бузган 736 айдоочу кармалды. Бул тууралуу жол сакчылары билдирди.
Маалыматка караганда, жалпы 51 унаа айып короого токтотулду.
- 14 мас айдоочу;
- ылдамдыкты ашырып айдаган 132 айдоочу;
- жол белгилерине баш ийбеген 188 айдоочу;
- унааларды тиешелүү документтери жок башкарган 23 айдоочу;
- карама-каршы тилкеге чыгып башкарган 31 айдоочу;
- жолдо жүрүү эрежелерин бузган жөө жүргүнчүлөр 4 адам.