Turmush — Токмок шаарындагы мектептердин биринде окуучу кызды зордуктоого шектелген мугалим иштен бошотулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришти.
Малыматка караганда, кылмышка шектүү А.А. ошол эле мектептин бүтүрүүчүсү болчу. Кесиптик орто билими бар.
«Ал 2025-жылдын октябрь айында катчылыкка кабыл алынган. 2026-жылдын январь айында квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо курстарын аяктаган. Ал информатика жана математикадан сабак берүү укугуна ээ болгон. Кадрлардын жетишсиздигинен улам окуу жайдын жетекчилиги ага математика жана физика боюнча кошумча сааттарды бөлүп берген. Акыркы бир нече айдан бери шаардык 7-8-класстын окуучуларына кошумча билим берип келген», - деп айтылат маалыматта.
Ал эми мектеп директору окуядан кийин ден соолугуна байланыштуу эс алууга чыгып кеткен.
Маселенин чоо-жайы:
Буга чейин Чүй ОИИБ Токмок шаарында окуучу кыздын зордукталышы жөнүндөгү маалымат иликтенип жатканын кабарлаган. Анда 10-апрелде Токмок ШИИБге билдирүү келип түшкөнү айтылган. Анда Токмок шаарындагы мектептердин биринде 2012-жылы туулган Ж.Н. аттуу окуучу кыз ошол эле мектептин 21 жаштагы физик мугалим А.А. тарабынан зордукталганы жөнүндө маалымат берилген. Аталган маалымат каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) боюнча кылмыш иш козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан 2005-жылы туулган мугалим А.А. кармалып, 2 айга камакка алынган.
Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, бул 2 иш тең облус жетекчилигинин көзөмөлүндө.