Turmush — Өткөн жуманын жыйынтыгы менен Ысык-Көл акваториясында жүргүзүлгөн тазалоо иштеринин алкагында балык уулоочу торлор чыгарылды.
Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери тарабынан көлдүн түбүнөн жана жээк аймактарынан жалпы узундугу 15 800 метрди түзгөн эски синтетикалык балык уулоочу торлор алынып чыгарылды. Мындан тышкары, тазалоо иштеринин жүрүшүндө 40 кап тиричилик жана өндүрүш калдыктары чогултулду.
Ошондой эле иш-чаранын алкагында жергиликтүү тургундар жана эс алуучулар арасында экологиялык аң-сезимди жогорулатууга багытталган түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.