Turmush — Манас шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеңишбек Байзаков кызматынан бошотулду.
Мэриядан Turmush басылмасына тастыктаган маалыматка караганда, ал өз каалоосу менен кызматтан бошотуу тууралуу арыз жазган. Тиешелүү буйрукка 17-апрель күнү шаар мэри Абдупата Макткаликов кол койду.
«Жаңыдан дайындалчу жетекчинин талапкерлигин Агартуу министрлиги көрсөтүп, мэрдин буйругу менен дайындалат», - деди Манас шаарынын мэринин социалдык маселелер боюнча орун басары Кубаныч Шерматов.
Жеңишбек Байзаков 2025-жылдын июнь айында Жалал-Абад шаардык [учурда Манас шаары] билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындалган болчу. Буга чейин ал калаадагы Курманбек балдар лицейин жетектеп келген.
- Манас шаарында 30 мектеп, 31 бала бакча бар. Аларда 3200дөн ашуун билим берүү кызматкери эмгектенет.