Turmush — Кара-Көл шаарында волейбол боюнча өткөн 2 күндүк мелдеште Лейлек районунан барган команда 1-орунду ээледи.
Маалым болгондой, мелдеш 18-19 апрель күндөрү Кара-Көл шаарынын тургундары, ага-ини Тыныч жана Жыргал Бопошовдордун жаркын элесине арналып уюштурулган. Ага өлкө боюнча жалпысынан улуттук лигадан баштап 12 команда ат салышкан.
1-орунду Лейлек районунун командасы камсыз кылса, 2-орунду Аксы районунун командасы, 3-орунду Ош шаарынын командасы ээлеген.