Turmush — Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл аймагына караштуу Шор-Булак айылындагы С.Эркимбаев атындагы жалпы билим берүү мектебинде волейбол боюнча «Шор-Булак биринчилиги» аттуу ынтымак оюну уюштурулду.
Иш-чара мектептин дене тарбиячы мугалими Жакшылык Мамбетов демилгеледи. Мелдеш айыл тургундарынын ынтымагын чыңдоо, жаштарды спортко үндөө максатында уюштурулду.
Ошондой эле айылдын 1988-жылы туулган тургундарынан мектепти аяктаганынын 20 жылдык мааракесине карата Шор-Булак айылынын жашоочуларына жалпы пайдалануу үчүн боз үй белекке берилди.
Аталган иш-чаранын ачылышына жана белек тапшыруу аземине Улахол айыл өкмөтүнүн жетекчилиги катышты. Мындай саамалыктар элдин ынтымагын бекемдеп, кийинки муундар тарабынан улантылып туруусу зарыл экени айтылды.