Turmush — Кыргызстандык Бурмачач Томоева бактысын Италиядан тапты. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы алыстагы мекендештен кабар алды.
Өзүнүн айтымында, 1991-жылы Талас облусунун Бакай-Ата айылында төрөлгөн.
«Ѳзүм Таластагы гуминатрдык лицейден окуп бүткөм. Азыр ал мектеп жабылып калган дешет. 17 жашымда Бишкек шаарына келип, андан ары билимимди уланткам. Тилекке каршы 2008-жылы атам бул дүйнѳдѳн ѳтүп кетти. Апам жана 2 иним, 1 сиңдим болуп калдык. Инилерим менен сиңдим кичинекей болгондуктан апама мен жардам беришим керек болду. Ошентип Бишкектеги окуп жаткан эл аралык университеттен аралыктан окуу жагын улантып, 2012-жылы Италияга жумуш иштегени кеттим.
Тилекке каршы мага убадаланган жумуш Италиядан күтүп алган жок. Кыргызстандан мени жѳнѳткѳн кыз алдап жибериптир. Кѳрсѳ мени күтүп жаткан жумуш жок экен. Ошентип бир топ кыйынчылыктарды баштан ѳткѳрүп, ѳз алдымча жумуш издедим. Акыры кемпир багып, бала карап, үй жыйнаган жумуштарга кирдим. Бара-бара жергиликтүү элдин жашоо-шартына кѳнүп, ыңгайын таап, очор-бачар боло баштадым. Анан апамды чакырып алдым. Анткени мен окуп, билим алууну улантайын дегем. Апам баргандан кийин Италиядан экономист финанст кесибине тапшырып, учурда магистратурасын да бүттүм. Ал ортодо кесиптешим экөөбүз ассоциация түзүп, жаштарга, мигранттарга жардам берүүнү көздөдүк. Бизге ар кыл тармактан адамдар кошула баштады. Учурда ассоциация ишин ийгиликтүү улантып, жыл сайын Европа деңгээлиндеги 2-3 чоӊ иш-чараларды өткөрүп келебиз. Ал жердеги иштегендер муну хобби жумуш катары көрөбүз. А негизги жумуштарыбыз, ар кимдики өз алдынча.
А мен болсо жолдошум экөөбүз инженердик тармакта иш жүргүзгөн компанияны иштетебиз. Бир канча өлкөлөрдө филиалдарыбыз бар», - деди ал.
Каарманыбыз жолдошу менен бий ийримине өнөктөш керек болуп, сайттан табышып калышканын айтып берди.
«Жолдошум экөөбүз 10 жыл мурун таанышканбыз. Ал кезде жаӊы окууга тапшырып иштеп жүргөм. Анан бий ийримине да барчумун. Ошол бий ийриминен ар бирибиз өзүбүзгө өнөктөш табышыбыз керек болду. Мен ал жакта тааныштарым жок, таанышуу сайттарына кирип, бийлегенге өнөктөш издейм деп жазгам. Жолдошум менен ошол сайт аркылуу таанышканбыз. Экөөбүз бий менен ар кандай иш-чараларга катышып жүрдүк. Ортодо 1 жыл көрүшпөй калып, кийин кайра жолукканбыз. Анан бири-бирибизди жактырып калдык. Бирок ата-энелерибиз каршы болду. Ошондой сыноолордон өтүп анан чогуу болдук.
Жаӊы таанышканда эле джентльмен мүнөзү жаккан. Мен бул жөн эле болсо керек, бир күнү андай кылбай калат деп ойлочумун. Бирок андай күн келген жок. Башында кандай азыр да ошондой. Ал биринчи орунга балдарыбызды анан мени, эӊ аягында өзүн коет. «Силер менин үй-бүлөмсүӊөр, силер жакшы жүрсөӊөр анан мен дагы жакшы жүрөм» деп айтат. Кыскасы жолдошум тууралуу айта берсем сөз көп.
Жергиликтүү эл сылык, катуу сүйлөбөгөн, маданияттуу келишет экен. Ошол эле сыяктуу менин жолдошум дагы бала кезинен калыптанып тарбия алган мүнөзү да аябай үлгү аларлык. Ал чымынды да таарынтпайт деген сөзгө дал келет. Башында бул эмне мынчалык сылык деп көнбөйсүң. Бирок алар үчүн бул норма.
Үйдө жаман «полиция» менмин. Анткени биздеги калыпка салынган мүнөз боюнча балдарды урушуп тарбияламай жайым бар. Жолдошум болсо балдарга катуу айтпайт, акырын, жумшак гана түшүндүрөт. Бош убактыбызда жолдошум экөөбүз саякаттаганды жакшы көрөбүз. Европанын баардык өлкөлөрүн кыдырдык, кайра-кайра барып турабыз. Экөөбүздүн 1 уул, 1 кызыбыз бар. Жолдошум жергиликтүү италиялык жигит болгону менен канында испан, мексика улуттарынын кандары бар.
Жаӊы келин болуп барганда бир ыӊгайсыз абал болуп жүрдү. Мен өзүбүздөй көрүп эле кайын энемдикине барганда жардам берип жаттым. Бир күнү кайын энем, «кызым бизде башкача, мен өзүм кыламын, сен отур» деп койду. Антсе да мен өз ордумду таппай, кайын энеӊ тамак бышырып жүрсө отуруп алганыма ыӊгайсыз болуп жүрдүм. Көрсө алар уул-келини үйүнө конокко барганда, аларды жакшы көргөнүн билгизип, тамакты өз колу менен жасап, дасторконду жайып аракет кылып билгизишет экен. Анан акыры көндүм. Жардам керекпи деп сурайм, ооба десе, жардам берем. Жок десе, жардам бербейм. Алар жашырбайт, түз айтышат. Ошон үчүн кандай жооп болбосун туура түшүнөбүз», - деди ал.
Мекендешибиз Италия тууралуу айрым кызыктуу маалыматтары менен бөлүштү.
«Бул жакта ажырашуу жана ошол эле маалда үйлөнүү өтө сейрек. Анткени булар үй-бүлө куруу дегенди оӊой көрүшпөйт. Аябай ойлонуп, олуттуу чечим менен барышат. Ошол себептен жоопкерчиликти сезген убакка чейин бойдок болуп жүрө беришет. Бул жакта кыз-жигиттер көпкө чейин сүйлөшүп жүрүп анан баш кошушат.
Мага жакпаган нерсеси – бюрократия. Мисалы бизде Кыргызстанда бир иш кагаздарды бүтүрүү тез бүтсө, бул жакта көпкө созулат.
Келечекте балдарыбызга жакшы тарбия берип, жакшы ийгиликтерди жарата бергибиз келет», - деди ал.