Turmush — Ош облусунун аймагында 2026-жылдын 15-17-апрель күндөрү «Селсаяк» аталышында рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, иш-чарага жер-жерлердеги билим берүү мекемелеринин, социалдык жактан коргоо, саламаттыкты сактоо жана балдар иштери боюнча комиссиясынын өкүлдөрү катышты.
Катышучулар селсаяк болуп, кароосуз калган балдарды аныктоо максатында иш алып барышты. Анда соода түйүндөр, базарлар, компьютердик клубдар жана башка балдар топтолуучу болжолдуу жерлер текшерилип, 15 бала аныкталды. Алардын өздүгү такталып, жашоо шарты менен жакындан таанышып, ата-энеси жана жакындары менен маектешүүлөр өткөрүлдү.
Ошону менен бирге билим берүү мекемелеринде профилактикалык мүнөздөгү ата-энелер жыйындары уюштурулуп, балдардын коопсуздугу тууралуу маселе каралды. Иш-чаранын жыйынтыгы менен 22 маалымат тийиштүү мамлекеттик мекемелерге жиберилди.
Бул аракеттер балдардын коопсуздугун камсыздоо жана балдар арасында укук бузуунун алдын алууга багытталган.