Turmush — Кечээ, 19-апрелде Чүй облусунун Сокулук районунда «Айдоо фест» республкалык агрофестивалынын алкагында асыл тукум койлордун көргөзмөсү өттү.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, көргөзмөдө Жайыл районунан алынып келинген кочкор 500 миң долларга баалынып, элдин көңүлүн бурду.
Фермерлердин айтымында, «Ханзада» аттуу арашан кочкор Жайыл районунун Ак-Башат айыл аймагына караштуу Арал айылындагы чарбадан алынып келинген.
«Ал "Шарпей" аттуу атагы чыккан кочкордун небереси. Жашы 4 тиш. Бою 1 метр 8 см. Көргөзмөгө келген кочкорлордун ичинен баасы эң кымбат айтылганы ушул болду», - деди фермерлер.
Turmush Сокулук районунда «Айдоо фест» республикалык агрофестивалында асыл тукум койлордун көргөзмөсү өтүп, жеңүүчү аныкталганын жазган.
Асыл тукум койлордун көргөзмөсүндө 32 жаштагы фермер Мелис Карымшаковдун кочкору баш байгени багындырды. Салмагы 214 килограмм болгон арашан кочкордун ээси Мелис Карымшаков кубок жана акчалай сыйлык менен сыйланды.
«Бишкектин Мыкан айылынын тургунумун. Көп жылдан бери фермерлик менен алектенем. Фестивалга уулдарым жана келинчегим да келди. 3 уулдун атасымын. Бул арашан кочкор 4 жашта. 5 жылдан бери багып келем. Анын салмагы 214 килограмм, бою 1 метр 3 сантиметр. Сынакта салмагы боюнча баш байгени багындырып, кубок жана акчалай сыйлык менен сыйландым», - деди фермер.
-------------------------------------------------------------
2021-жылдын апрель айында Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги эт жана май багытындагы Арашан аттуу жаңы кой породасын каттаган.
Маалым болгондой, бул порода 1970-2021-жылдары Кыргызстанда чыгарылган. Фермерлер 1977-жылы Тажикстандан гиссар породасындагы кочкорду алып келип, жергиликтүү кылчык жүндүү кой менен аргындаштырышкан. Аргындаштырылгандан кийинки туулган экинчи муундагы козуларын көбөйтүшкөн.
Арашан породасындагы койлорду бийик тоолордо жана талааларда багууга ылайыктуу келип, козулары тез чоңоюшат. Көлөмү чоң, куйруктуу келип, 7-8 айлык козуларынын салмагы 48-61 кг, бир жаштагысы 60-78 кг, ал эми чоң койлорунун салмагы 109-177 килограммга чейин жетет. Ошондой эле сөөгү жеңил жана катуу келет. Кочкорлорунун мүйүзү болбойт.
Республика боюнча Арашан породасындагы койлордун жалпы саны 5800 баштан ашат. Козуларынын болжолдуу баалары 1000 доллар, ал эми койлору 5000 доллардан жогору.