Turmush —
Кечээ, 18-апрелде Нарын шаарында «Bilim Run Naryn 2026» чуркоо жарышы өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Маалыматка караганда, саамалыкка өлкөнүн булуң-бурчунан келген 200дөн ашык спорт сүйүүчүлөрү катышты. Аларга 2 негизги дистанция белгиленди. Жалпы чуркоочулар 3 чакырымды басып өтүшсө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн 500 метрлик атайын аралык даярдалды.
Иш-чаранын негизги максаты — коомчулукту спортко үндөө жана билим берүү мекемелери менен жергиликтүү бийликтин ортосундагы достук мамилени чыңдоо.