Turmush — Москва районунда Акылбек кызы Жанаркүл «Жылдын мыкты тарбиячысы» аталды. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Наргиза Умарова билдирди.
Анын айтымында, «Жылдын мыкты тарбиячысы 2026» сынагына 5 адам катышты.
«Алар ачык сабак, тест жана видео презентациядан турган 3 турда билим күчүн сынашып, жыйынттыкоочу бөлүгүндө жеңүүчүлөр аныкталды. Аларга райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети, айыл өкмөттөрү жана демөөрчүлөр тарабынан Ташкент, Самарканд шаарларына эс алууга жолдомо, муздаткыч жана райондук билим берүү бөлүмүнөн диплом, ыраазычылык кат тапшырылды», - деди ал.
Жолдомо жана сыйлык ээлери:
- Баш-байге — Акылбек кызы Жанаркүл «Аруузат Петровка» балдар бакчасынын тарбиячысы. Ага Ташкент, Самарканд шаарларына эс алууга жолдомо, муздаткыч жана диплом ыйгарылды.
- 1-орун — Гүлзина Өмүралиева «Ласточка» балдар бакчасынын тарбиячысы. муздаткыч жана 1- даражадагы диплом менен сыйланды.
- 2-орун — «Жылдыз-Нуру» балдар бакчасынын тарбиячысы Сергеева Надежда Анатольевга II даражадагы диплом ыйгарылды.
- 3-орун— «Светлячок» балдар бакчасынын тарбиячысы Муктарбек кызы Касиет III даражадагы диплом менен сыйланды.
«Чыгармачыл тарбиячы» номинациясы менен «Бакыт» бакчасынын кызматкери Колесникова Екатерина Владимировна белектер менен сыйланды. «Мыкты жетекчи» номинациясы боюнча «Аруузат Петровка» балдар бакчасынын директору Нургүл Саманчиевага, «Ласточка» балдар бакчасынын директору Аксана Орунбаевага жана билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Наргиза Умаровага Ташкент, Самарканд шаарларына эс алууга жолдомо берилди.
Сыйлык тапшыруу аземине акимдин орун басары Назгүл Мекешова, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Айгүл Султаналиева, Нарзан айыл өкмөтүнүн башчысы Искендер Өскөмбаев жана Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Жеңиш Байсулдаевдер катышты.