Turmush — Бүгүн, 18-апрелде Кара-Балта шаарында «Toyota Estima» үлгүсүндөгү автоунаа Агрономическая көчөсүндөгү ачык турган суу түтүктүн люгуна түшүп кетти.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, бул окуя бүтпөгөн оңдоп-түзөө иштеринен жана тиешелүү кызматтардын убагында иштбегендигинен улам болгон.
Көчө тургундары билдиришкендей, мында суу түтүктү реабилитациялоо иштери өткөн жылы эле башталган. Бирок иштер аягына чыкпай калган. Бир люк убактылуу жабылып турганы менен, болжол менен 1 ай мурда таштанды ташуучу унаанын дөңгөлөгү түшүп, ичиндеги инженердик коммуникациялар бузулган.
Андан кийин тургундарга бир нече күндүн ичинде люкту калыбына келтирүүгө убада беришкен, бирок оңдоо иштери аткарылган эмес. Ал жер ачык бойдон кала берген.