Turmush — 11-12-апрелде Бишкек шаарында кулатуу улуттук күрөшү боюнча клубдук командалар арасында чемпионат өттү,.
Маалым болгондой, турнирге 200гө жакын спортчу катышты. Жайыл районунан машыктыруучу Сыргак Жапаркуловдун жетекчилиги астында 10 спортчу катышып, төмөнкүдөй натыйжаларды көрсөтүштү:
- 40 кг чейинки салмак категориясында Радмир Босяк 1-орун;
- 54 кг чейинки салмак категориясында Абдурахман Аманбаев 1-орун;
- 59 кг чейинки салмак категориясында Нурсултан Кайкыев 3-орун;
- 66 кг чейинки салмак категориясында Темирлан Алтымышев 2-орун
Жеңүүчүлөр жана байгелүү орундарды ээлегендер Кулатуу федерациясынын атынан медалдар жана дипломдор менен сыйланышты.