Turmush — Ош технологиялык университетинде кесиптик бирлик комитетинин кезектеги пленуму өткөрүлдү.
Жыйында күн тартибине ылайык бир катар маанилүү маселелер каралды. Алгач 2025-жыл ичинде аткарылган иш-чаралар боюнча маалымат угулуп, кесиптик бирликтин төрайымы Багдагул Тиленбаева тарабынан отчеттук мезгилде аткарылган иштер жана жетишилген жыйынтыктар тууралуу кеңири маалымат берилди.
Андан соң жамааттык келишимдин мөөнөтүнүн бүтүшүнө байланыштуу аны өзгөртүүлөр менен жаңылоо маселеси каралып, тиешелүү сунуштар талкууланды. Ошондой эле университеттин институттарында жана бөлүмдөрүндө эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздукту сактоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы тууралуу маалыматтар угулду.
Мындан сырткары жайкы эс алууларды уюштуруу, кесиптик бирликтеги бухгалтердик эсепти автоматташтыруу максатында 1С программасына өткөрүү жана башка уюштуруу маселелери да каралды.
Пленумдун жүрүшүндө эмгекти коргоо боюнча техникалык инспектор Бурана Амиралиева 28-апрель — Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө карата баяндама жасап, кызматкерлердин эмгек коопсуздугун камсыз кылуу, ден соолугун коргоо жана коопсуз иш шарттарын түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле бул багыттагы маалымат слайд-шоу түрүндө чоң экранда көрсөтүлдү.
Жыйындын соңунда кесиптик бирлик билим берүү кызматкерлеринин эмгектик, социалдык жана кесиптик укуктарын коргоонун маанилүүлүгү белгиленди.