Turmush — Ош технологиялык университетинде профессордук-окутуучулук курам үчүн Португалиянын Лиссабон университетинин Лиссабон экономика жана менеджмент мектебинин профессору Жорже Ф.С.Гомештин катышуусунда илимий семинар өткөрүлдү.
«Илимий макалаларды жарыялоо жана изилдөө долбоорлорун даярдоо: эл аралык стандарттар жана тажрыйба» аталышындагы семинарда профессор Гомеш илимий макалаларды даярдоо, эл аралык журналдарга жарыялоо жана изилдөө долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча заманбап ыкмаларды сунуштады.
Иш-чаранын жүрүшүндө төмөнкү негизги багыттар талкууланды: изилдөөнүн актуалдуу темасын тандоо, илимий идеяны калыптандыруу, Scopus жана Web of Science талаптары, илимий макаланын түзүмү жана жазуу эрежелери, рецензиялоо жана жарыялоо процесси, ошондой эле гранттык өтүнмөлөрдү даярдоо.
Семинар интерактивдүү форматта өтүп, профессордук-окутуучулук курам тарабынан жогорку кызыгуу менен кабыл алынды. Катышуучулар илимий публикациялык активдүүлүктү жогорулатуу жана изилдөө иштерин өркүндөтүү боюнча практикалык сунуштарга ээ болушту.
«Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу жана окутуучулардын эл аралык академиялык программаларга катышуусун кеңейтүү маселелери талкууланды. Бул семинар ОшТУнун илимий потенциалын жогорулатууга жана эл аралык изилдөө ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө олуттуу салым кошту», - деп айтылат окуу жайдын маалыматында.