Turmush — Кечээ, 16-апрелде Чүй облусунун Москва районунда «Жылдын мугалими - 2026» сынагы жыйынтыкталды. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Айгүл Султаналиева билдирди.
Анын айтымында, Черняховский атындагы жалпы билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Айчүрөк Бектенасирова жылдын мыкты мугалими аталды. 13 мугалим ат салышкан сынак 10-апрелде Садовой айылындагы «Ак-Илбирс» жаштар борборунда башталган.
«Билимди, кесиптик чеберчиликти аныктоо жана педагогикалык тажрыйбаны жайылтуу максатында салтка айланган сынак 4 турда өтүлүп, анда талапкерлер тест, мастер-класс, сабак өтүү жана өз чеберчилигин көрсөтүү (презентация) боюнча ат салышты.
Жыйынтыгында алдыңкы орунду ээлеген 6 мугалимге, баш байгени ээлеген мектептин директоруна жана райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы окуу-усулдук канаанын башчысына Ташкент, Самарканд шаарларына эс алууга жолдомо берилип, диплом жана баалуу сыйлыктар тапшырылды», - деди Султаналиева.
Жеңүүчүлөр:
- баш байге — Айчүрөк Бектенасирова, Черняховский жалпы билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими;
- «Мыкты математика мугалими» — Нурия Эсенканова, Бердигул атындагы атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими;
- «Мыкты физика мугалими» — Азамат Жаманкулов, №3 Беловодск жалпы билим берүү мектебинин мугалими;
- «Мыкты география мугалими» — Наргиза Калмуратова, Н.Бакиров атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими;
- «Мыкты башталгыч класстар мугалими» — Дарья Долгушина, Петровка жалпы билим берүү мектебинин мугалими;
- «Мыкты химия мугалими» — Азамат Бегматов, Н.П.Мирошниченко атындагы жалпы билим берүү мектебинин мугалими.
Номинациялар боюнча:
- «Мыкты жетекчи» — Айгүл Журабекова, Черняховский жалпы билим берүү мектебинин директору, Рыскүл Белекова, райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы окуу-усулдук канаанын башчысы.
Мындан сырткары төмөндөгү сынак катышуучулары номинациялар боюнча сыйлыкка ээ болушту:
- №1 Ак-Суу жалпы билим берүү мектеби математика мугалими Таникулова Шаархан Каримовна;
- К.Сыйданов атындагы жалпы билим берүү мектебинин башталгыч класс мугалими Өкмөтова Гүлмира Жөлөгөновна;
- Б.Г.Бажан атындагы жалпы билим берүү мектебинин башталгыч класс мугалими Асанбек кызы Айзада;
- А.Исмаев атындагы жалпы билим берүү мектебинин башталгыч класс мугалими Панпанза Айша Гащимовна.