Turmush — Талас шаарында көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу «Талас жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Нурдөөлөт Молдалы уулу билдирди.
Анын айтымында, шаардын борбордук бөлүгүндө реконструкция иштеринин негизги бөлүгү аяктап, учурда жашылдандыруу багытындагы «Шырдак» долбоору ишке ашырылууда. Долбоордун алкагында мрамор таштар төшөлүп, газондор отургузулуп, жашыл зоналар кооздолууда. Бул иштер демөөрчүлөрдүн жардамы менен жүргүзүлүп жатат.
Мындан тышкары, көп кабаттуу үйлөрдүн айланасында унаалар тартипке келтирилип, жашоочулар үчүн атайын токтотуучу жайлар уюштурулууда. Бош аянттар тазаланып, газондор төшөлүп, жаңы көчөттөр тигилүүдө.
Быйыл Талас шаарында жалпысынан 80 миңден ашык көчөт отургузуу пландалууда. Көчөттөрдүн алгачкылары май айында башталат. Анын ичинде гүлдөрдүн 12 түрү күн сайын этап-этабы менен отургузулат. Эгемендүүлүк күнүнө карата дагы 20 миң көчөт отургузулат. Ошондой эле жолдорду асфальттоо жана реконструкция иштерине байланыштуу кыйылган бак-дарактардын ордун толуктоо максатында кошумча 6000 көчөт тигүү каралган.
Учурда 1500дөн ашык бак көчөтү отургузулуп бүттү.