Turmush — Сокулук районунда «Социалдык контракт» программасынын алкагында 24 жаранга сертификат тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга акимчиликтен билдиришти.
«2026-жылга карата бөлүнгөн квотанын негизинде Сокулук районуна 54 орун каралып, 27-мартта комиссиянын жыйыны өткөрүлдү. Жыйындын жыйынтыгында Сары-Өзөн, Күн-Туу, Жаны-Пахта, Манас айыл өкмөттөрүнөн жана Шопоков шаарынан 24 жаран «Социалдык контракт» долбооруна катышууга тандалып алынды. Аталган иш-чаранын алкагында катышуучуларга 150 миң сом өлчөмүндөгү сертификаттар салтанаттуу түрдө тапшырылды», - деп айтылат маалыматта.
2025-жылы «Социалдык контракт» программасынын алкагында Сокулук районунда 70 үй-бүлөгө мамлекеттик колдоо көрсөтүлгөн.