Turmush — Жайыл районунун Новониколаевка айылында 2012-2014-жылы туулган кыздар арасында волейбол боюнча «Достук кубогу» өттү, деп билдирет аймактык кабарчы.
Маалыматка караганда, мелдешке жалпы 8 команда катышты. Алар Бишкек шаарындагы №84 спорт мектеби, Новониколаевка айылы, Кара-Балта шаарындагы №5 орто мектеп, «Манас» спорт клубу, Сары-Коо, Кайыңды шаары, Жайыл жана Панфилов.
Мелдештин жыйынтыгында орундар төмөнкүдөй аныкталды:
1-орунду Кара-Балта шаарындагы «Манас» спорт клубунун командасы ээледи, 2-орунду Кайыңды шаарынын командасы алды, 3-орунду машыктыруучу Абдылды Жапаров жетектеген Сары-Коо командасы камсыз кылды, 4-орунга Новониколаевка айылынын командасы татыды.
Жеңүүчүлөр жана байге ээлери уюштуруучулар тарабынан эстелик медалдар, дипломдор менен сыйланышты. Ал эми баш байгени жеңген командага «Достук кубогу» тапшырылды.
Уюштуруучулардын айтымында, мелдештер мындан ары ай сайын кенже кыздар арасында, ал эми ар бир кварталда улуу кыздар арасында өткөрүлүп турат. Бул жолку турнирди Кайыңды шаарындагы волейбол сүйүүчүлөрү уюштурду.